Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арадагы тартипти күчөттү

0
55
views

Кыргызстанда 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу Казакстан эки өлкө ортосундагы чек ара көзөмөлүн күчөттү.

Маалыматтарга ылайык, 10-октябрдан тарта казак тарап адамдар жана унааларды күчөтүлгөн тартипте текшерүүдөн өткөрө баштаган. Азыркы учурда чек арада кезек күткөндөрдүн саны өстү. Мындай тоскоолдуктар 15-октябрда Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоолорго байланыштуу.

Бүгүнкү күндө “Кордай” бекетинде Кыргызстандыктар 5 саатка чейин тинтилип жатат. Ушул сыяктуу тоскоолдуктар орус-казак чек арасында да байкалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ