Казакстан-Кыргызстан чек ара өткөрмө бекетинен өтүү татаалдаштыбы?

0
498
views

“Кордайда” жүргөн журналист Марат Төлөмүш уулу өткөрмө бекетте топтолгон адамдардын саны 300-400дүн тегерегинде экенин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Казак тарап Кыргызстан менен чек арасындагы “Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада чек арада адамдардын узун кезеги пайда болгонун ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарга жазып жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдаштырганы боюнча азырынча кыргыз чек арачыларына маалымат бере электигин билдирген.

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын “Ак жол”, Казакстандын “Кордай” өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет.

Казакстандын расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан менен чектешкен “Кордай” бекети аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт. Ал эми жайындагы курорттук сезон учурунда андан өткөн адамдардын саны 37 миңге чейин жетет.

Булак: https://www.azattyk.org/a/28784976.html

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ