Кара-Суу шаарына жаңы мэр келди

0
798
views

Бүгүн, 11-октябрда Кара-Суу шаарынын депутаттары калаа башчысын шайлоо үчүн сессияга чогулушту. Анын алкагында эл өкүлдөрү шаар башчылыгына жалгыз талапкер аталган Куттубек Козубаевди тандап алышты. Козубаев буга чейин Кара-Суу шардык кеңешинде КСДП партиясынан депутат болгон.

 

Ал эми мэрди шайлоого жалпысынан 29 депутат катышып, алардын 25и макул деп добуш беришкен. 4 төө каршы чыкса, экөө сессияга келген эмес. Кара-Суу шаардык кеңешинде жалпы 31 депутат бар.

Эскерте кетсек, Кара-Суу шардык кеңешине шайлоо быйылкы жылдын 3-сентябрь күнү өткөн. Анда “КСДП”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары жеңишке жеткен.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ