Кыргызстан Liglass компаниясы менен кабыл алынган келишимден бир тараптуу чыкты

0
185
views

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык Кыргызстан тарап чехиялык Liglass Trading компаниясы жетишилген келишимден бир тараптуу чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага караганда, эми аталган чехиялык компаниясы менен буга чейинки жетишилген келишимдерге толук чекит коюлду.

Буга чехиялык компаниянын келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаганы себеп болгон.

Эскерте кетсек, өкмөт чех компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ