Милиция: “Клара Алибековага жардам бербей унаадан чыгарып койгон деген маалымат такталган жок”

0
1303
views

Бул тууралуу ИИМдин ички териштирүү кызматы кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарып жарыялады. Маалыматка ылайык, ырчы Клара Алибекова жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдаган видео социалдык тармактарга чыккандан кийин ИИМдин ички териштирүү кызматы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Белгилүү болгондой, ырчыны видеого тартышкан кызматкерлердин өздүгү такталган. Алар  Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгында иштеген үч кызматкер болуп чыккан.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу тарап кеткен. Анда тартип сакчыларына ырчы өзүнө кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылат. Бирок милиция кызматкерлери ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдап видеого тартышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ