Сөөлжандын пайдасын көрүп келген фермер Райхан Салиева

0
776
views

Кадамжай районун тургуну Райхан Салиева сөөлжан чарбасында биогумус жана жер семирткичтерди өндүрөт.

Алгачкы жолу бир миллионго жакын сөөлжандарды фермер Америкадан алып келген. Учурда алардын саны миллиардка жеткен. Сөөлжандар негизинен адамдардын жана жаныбарлардын күнүмдүк азыктарынан ашкан калдыктар менен азыктанышат.

Райхан Салиеванын айтуусунда, сөөлжандар 50 жыл жашап, күнү- түнү иштешип, эң таза минерлдык жер семирткичтерди пайда кылышат. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө айыл чарбасындагы колдонулуп жаткан химиялык азык заттар жердин кыртышынын бузулуусуна алып келген.

Маалымат катары айта кетсек, табигый жер семирткичтердин бир болгон сөөлжандардын эркеги да ургачысы да жумасына 30га жакын жумуртка таштап көбөйүшүп турушат. Алардын салмагы эки грамм болуп, бир сөөлжан 12 грамм биогумус ажыратып берет.

Алар 45 күн ичинде 20 тонна биогумус пайда кылышат. Фермер алардын килограммын 17 сомго чейин сатат.

Фермер айым Кыргызстандын башка аймактарында да ушул сыяктуу чарбаларды ачып, тажрыйбасын башкаларга да үйрөтүүгө аракет кылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ