Ырчы Айчүрөк Иманалиева: “Клара менен чогуу иштеп, бир нанды бөлүп жегенбиз. Анын мүнөзү эң жакшы”

0
7468
views
Архив 96 жыл!

Кыргызстандагы белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева ырчы Калара Алибекова тууралуу милиция кызматкерлери аны шылдыңдаган видеотасманы көрүп, социалдык баракчасына өзүнүн пикирин калтырган.

Айчүрөк Иманалиева Клара Алибекованы жаш кезинде “Кыргызымдын жигиттери” деген ыры менен жалпы кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы катары белгилеген:

1996-1997-жылдары туура 8 ай Клара менен чогуу иштеп,бир нанды болуп жегенбиз. Анын мүнөзүнн эң жакшы билем. Көчөдөгү белгисиз адам кол салып андан качып милиция кызматкерлеринен жардам сураса, алардын шылдындаганы уят нерсе. Шок болгондо адам сүйлөй албай калат, өз башымдан өткөн. Клара кооз сүйлөй албаганы менен жан дүйнөсү таптаза инсан. Бүгүнкү күндө кооз сүйлөгөн адамдарга гана ишенип алганыбыз өкүнүчтүү.

Мындан сырткары, ырчы айым Калара Алибекованын ырын жаздырып, костюм тиктирип, фотосессия жасатып берээрин убадалаган. 

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу тарап кеткен. Анда тартип сакчыларына ырчы өзүнө кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылат. Бирок милиция кызматкерлери ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдап видеого тартышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ