Бабанов Улукбек Кочкоров менен Таалатбек Масадыковду өз командасына чакырабы?

0
2103
views

Өмүрбек Бабанов президент болуп шайлангандан кийин, кылмыштуу топ менен күрөшүүдө Улукбек Кочкоров жана Таалатбек Масадыковду командасына чакырат.
Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов 11-октябрда Коомдук телерадиокомпаниясынын талапкерлер ортосундагы теледебат учурунда билдирди.

Ал өз сөзүндө, эгер президент болуп калса, кылмыштуу топторду жеңүү үчүн, Улукбек Кочкоров жанаТаалатбек Масадыковду өзүнүн командасына чакыраарын билдирди.
Теледебаттын жүрүшүндө президенттике талапкрлер Улукбек Кочкоров талапкерлердин штабын мурда эки жолу соттологон адам иштеп жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кече 11-октябрда болуп өткөн теледебатта Өмүрбек Бабанов, Улукбек Кочкоров,Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ