Кыргыз-казак чек ара бекеттери убактылуу ачылып, кайра жабылды

0
351
views

Казакстан менен Кыргызстандын чегиндеги Кордай, Ак тилек, Чалдовар жана Чоң-Капка бекеттеринен жарандар жана унаалардын өтүүсүндө тосколдуктар жаралган. Натыйжада кезекке тургандардын саны өскөн.

Маалыматтарга таянсак, казак тарап 11-октябрь күнү Казакстан тарап кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттинен жарандарды тоскоолдуксуз өтүүсүнө уруксат берген.

Ал эми, бүгүн саат 8:00дө чек арадан жарандарды өткөрүүнү кайра токтотушкан.

Азыркы учурда,“Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандар кайрадан кезекте турушат. Бирок,  кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны аз. Чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, алардын да саны артышы күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ