КЫРСЫКТЫН СЕБЕБИ АНЫКТАЛДЫ

0
151
views

Маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгында КамАЗдын айдоочусу унааны башкара албай калган. Бул тууралуу патрулдук милициянын Башкы башкармалыгы маалымдады. 25 жаштагы Панфилов районунун тургуну, “КамАЗдын” айдоочусуна кылмыш иши козголгон. Милиция жол кырсыгын толук иликтөө үчүн күбөлөрдү жардамга чакырууда. Буга чейин ИИМ КамАЗдын айдоочусу эки айга камакка алынганын, тергөө жүрүп жатканын билдирген. Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Чүйдөн буудай тартып келаткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ