Сапар Исаков чек арадагы кезек күткөн жарандарды ысык тамак менен камсыздоо тапшырмасын берди

0
145
views

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 12-октябрда алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен кыргыз-казак өткөрмө бекетинде кезекте турган жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биоажаткана менен камсыз кылууну жана чатыр тигүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун жиберүүнү, күнү-түнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыздоону тапшырды.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тез аранын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап, тийиштүү чараларды көрөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ