СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫ АЗ БОЛУУДА

0
66
views

Өлкөдө социалдык кызматкерлердин айлык маянасы аз болуп жатат. Мындан улам  аталган тармакта билим алгандар оз кесиби боюнча иштебейт. Бул өз кезегинде социалдык тармакта татыктуу кадрлардын жетишсиздигине алып келүүдө. Мындай маалыматты Ош облусундагы социалдык кызматкерлер  Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова менен болгон жолугушууда билдиришти. Алар ошондой эле  кызматкерлердин статусун көтөрүу, бирдиктүү форма киргизүү боюнча сунуш пикирлерин айтышты.

Министр айтылган көйгөйлөр жакынкы аралыкта чечиле турганын айтып, бул багытта атайын пландалган иш аракеттер бар экенин белгиледи.

Эске салсак, өлкө боюнча 1000 ге жакын социалдык кызматкерлер бар. Ош облусу боюнча 145 социалдык кызматкер эмгектенип жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ