Сочиде жыйын алдында Путин Назарбаевди четке тартты

0
52
views

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталар алдында Орусиянын президенти Владимир Путин Нурсултан Назарбаевди кепке тартты.

Жыйын башталаар алдында Путин Назарбаевдин жанына келип, аны кепке тарткан. Бир аз убакыттан кийин алардын сүйлөшүүсүнө казак делегациясынын мүчөлөрү да кошулушкан.

Маалымат катары айта кетсек, Сочиде өтүп жаткан жыйында Сапар Исаков катышып, Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү. Өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин казак президенти  өкмөткө чек арадагы маселени чечүүнү тапшырган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ