С.ИСАКОВ ЫСЫК-КӨЛГӨ ЖУМУШЧУ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

0
118
views

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна  жумуш сапары менен барып,  Балыкчы шаардык аймактык ооруканасындагы гемодиализ борборунун абалы менен таанышты.  Аталган борбор жеке ишкер  тарабынан курулуп, 2017-жылдын 1-июнунан баштап бейтаптарды бюджеттик негизде кабыл ала баштаган.  Өкмөт башчы баса белгилегендей, гемодиализ көйгөйү өлкөдө абдан оор  жана аны чечүүгө комплекстүү чаралар керек. Сапар Исаков саламаттыкты сактоо министрлигине борбордун иштешин үчүн медициналык жабдууларды убагында жеткирүүнү  тапшырды.

Буга улай  Сапар Исаков райондогу 1966-жылы курулган  авариялык мектептин абалы менен таанышты.  Өкмөт башчы аталаган  мектептин имаратын курууга бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо жана аны келерки жылы курула турган мектептердин тизмесине кошууну тапшырды. Ошондой эле Исаков  Шамей Токтобай уулу атындагы орто мектептин курулушун көруп,  сапатына жана жасалгалоо иштерин ойдогудай бүткөрүүгө көңүл буруу керектигин эскертти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ