Чоң Алайда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көмүр жөнөтүлдү

0
113
views

Бүгүн, 12-октябрда өкмөт Чоң Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тартып, чатырда жашап жаткан тургундарга 200 тонна көмүр жөнөттү.

Аны жеткирүү милдетин”Пэрити Коал” ишканасы өз жоопкерчилигине алды.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Чоң Алай районунда ушул жылдын май айында очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 балл, башка райондордо 4-5 балл сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 1025 турак жай текшерилген. Анын ичинен 187 турак үй капиталдык ремонтко муктаж, 632 турак жай авариялык абалга келип, 10 үй кыйроого учурагандыгы аныкталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ