Ысык-Көлдөгү бир кылымдан бери иштеген суу тегирмен

0
75
views

Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районундагы Жергез айылында жүз жылдан бери иштеп келе жаткан тегирмен айылдыктарды экологиялык таза ун менен камсыздап келет.

Жергез айылына 1915-жылдарда суу менен иштеген тегирмен айылды аралап өткөн суунун үстүнө курулган. Жөнөкөй ыкма менен иштеген бул тегирменден чыгарылган ундан төрт, беш айылдын тургундары пайдаланып келишет.

Айылдыктардын бири Мейиз Манкушеванын айтымында, электр тогу менен иштеген тегирмендин унуна караганда суу тегирмендин унун жактырган айылдыктар анын көп жылдар бою иштешин каалашат.

Ал эми, айылдыктардын көпчүлүгү бул тегирменди пайдалыншканы менен анын тарыхын жакшы билбегендер да көп.

Тегирмен кылым карытканына карабастан, жакшы иштеп келет. Убагында тетиктерин алмаштырып турушат.

Жергез айылынын тарыхына айланган бул тегерменди атайын көрүү үчүн, алыстан туристер да келишет. Айрым ишкерлер туристерге нан жасап берүү үчүн, тандырларды курушкан. Келгендерди нан менен сыйлашат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ