7 тилде шатырата сүйлөгөн Алина

0
970
views

“Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дейт элибизде. Биздин каарманыбыз ОшТУнун компьютердик лингвистика факультетинин студенти  Алина Шамурзаева. Ал аталган окуу жайда окуп жатканына аз эле убакыт болгонуна карабай, 7 тилде эркин сүйлөй алат.

Алина Шамурзаева окууга жан дили менен берилип, чон эмгектин артынан чоң жетишкендиктерди жарата алган. Буга мисал, Алина сабактан кийин, өзү теңдүү студенттерге корей тилинде сабак берип келет.

Жаш тилчи Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. 5 бир туугандын экинчиси. Кыздардан эң улуусу болгондуктан, сиңдилерине  бардык тараптан өрнөк болууга умтулат.

 

Ал жакында гана студенттердин арасынан тандалып алынын, 2 жумага Кореянын борбору Сеулга барып, эс алып жана тажрыйбасын өркүндөтүп келген. Кыргызымдын эртеңин жаштар белгилейт эмеспи. Арабызда Алинадай билимге суусаган, аракетчил, мекенчил жаштардын бар экендиги кубандырбай койбойт. Андыктан, замандашыбызга мындан аркы окууларында албан ийгиликтерди каалап калабыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ