Азимбек Бекназаров шайлоодон баш тартканын түз эфирде билдирди

0
91
views

Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров шайлоодон баш тартуу боюнча теледебаттын экинчи түрүндө КТРКанын түз эфирнде билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоо 15-октябрь күнү болуп өтөт. Кечээ, 12-октябрь күнү Коомдук телерадиокомпаниясында өткөн теледебаттын экинчи түрүндө президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров да катышып,  ал шайлоодон баш тартканын расмий түрдө жарыялады.

Азимбек Бекназаров шайлоо компаниясынын финалдык бөлүгүндө талапкерлердин ойу жана платформалары төп келбегендиктен жана акча менен байлыктын күчү жогору келип жаткандыгынан улам шайлоодон баш тартканын билдирди.

Буга чейин президенттикке талапкерлер, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев да шайлоодон баш тартышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ