Атамбаев: “Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга баа берди”

0
470
views

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Баткенде күч органдарынын кызматкерлерине берилген үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга баа берди.  “Ал жерде ЕАЭБдин бардык келишимдери бузулуп жатат, үч миң жылдык тарыхы бар мындай эл үч күндүк блокададан коркуп кетпейт деп ойлойм. Биздин эл үчүн жашоодон дагы намыс бийик турат. Башыбыздан көп сыноо өттү, мисалы, 2010-жылкы 1,5 айлык блокададан деле өткөнбүз.  Бүгүнкү мыйзамсыздыкты дагы жеңип, өз көз карандысыздыгыбызды коргоп калабыз”, — деди Атамбаев.

Ошондой эле президент Казакстанда катуу ачкачылык болгондо кыргыз эли акыркы наны менен бөлүшүп, эки эл тең аман калган. Биздин тамырыбыз бир. Эч бир өлкө башчылары эки элдин ынтымагын ыдырата албайт”, — деди президент. Сөзүнүн аягында Атамбаев кыргыз армиясы күчтүү экенин жана жооп бере аларын айтып, бирок учурда каражат жана маалымат согушу болуп жатканын кошумчалады. Эгемендүүлүктү аскер менен эмес, акыл менен сактоо керектигин айтты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ