А.БЕКНАЗАРОВДУН АТЫ БЮЛЛЕТЕНДЕН ЧИЙИЛБЕЙТ

0
139
views

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров президенттик жарыштан чыкканын  кече 12-октябрда КТРКдагы дебат учурунда билдирди.

– 15-октябрь күнү таразага акча менен байлык коюлуп жатат. Ошол себептен мен бүгүндөн тартып өз талапкерлигимди алып салам деди ал.  Бирок  БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынына  расмий арыз тапшыра электигин билдирди.  Анын айтымында, мыйзамга ылайык талапкер шайлоого үч күн калганга чейин расмий арыз тапшырып, баш тарта алат.  Андыктан анын аты бюллетенде калат жана чийилбейт. Соңку маалыматтар  боюнча Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгүнө 2 миллион сом коротту. Шайлоо мыйзамына ылайык, 10-сентябрда президенттикке талапкерлердин расмий тизмеси бекитилип, бюллетендер даярдала баштаган. Ага 13 талапкердин аты-жөнү киргизилген.  Буга чейин жарыштан Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев чыкканын билдиришкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ