Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат

0
21
views

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Болгарияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күч сынашат.

Эске салсак, 10-октябрдан тарта Болгариянын Пловдив шаарында ардагерлер арасында спорттун күрөш түрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Анда Кыргызстандык спортчулар Мелис Турганбаев жана Нурдин Дондаев өлкө намысын коргошот.

50-55 жаштагылар арасында Мелис Турганбаев атаандашы аргентиналык спортчу Даниэль Хектор Родригез менен күч сынашат.

Ошондой эле, 40-45 жаштагы спортчулар ортосундагы чейрек финалда Нурдин Дондаев түркиялык спортчу Фейзуллах Зенгин менен күрөшөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ