Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата республикалык сынагы жарыяланды

0
81
views

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Рахат Көчөрбаев билдирди.

Комузчулар арасындагы сынактар 9-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында башталат. Иш-чарага Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн жакшы черте алган, 35 жашка чейинки шыктуу комузчулар катышышат. Катышуучулар Нурак Абдрахмановдун “Соң-Көл”, “Улуу тоолор”, “Мезгил жаңырыгы”, “Аттила хан” жана башка күүлөрүнүн арасынан үчөөсүн тандап  аткарышат.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу 10-ноябрда болуп өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ