СПОРТЧУЛАР САЯСАТКА КИЙГИЛИШПЕШИ КЕРЕК

0
30
views

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын улуттук курама командасына кирген спортчулардын жүрүм-турумуна байланыштуу кодекс иштеп чыкты. Ага ылайык, спортчулар Кыргызстандын гимнин билип, өлкөнүн мамлекеттик символдоруна этият жана сый мамиле кылуусу керек.

Мамлекет берген спорттук кийимди кылдат колдонуп, аны массалык спорттук иш-чараларда, окутуу, машыгуу жыйындардан башка жерде колдонууга тыюу салынат.- Курама командага кирген спортчуларга бийликти сындоого, конституциялык түзүлүштү алмаштырууга багытталган митинг жана жыйналыштарга катышууга тыюу салынат.  Эгерде бул эскертүүгө тоготпостук менен мамиле кылгандар болсо алар эл аралык жана жергиликтүү мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары айтылган.

Андан сырткары, өлкөнүн курама командасынын курамынан чыгарылары да билдирилген.Буга чейин айрым саясатчылар ар кандай иш-чараларда спортчулардын тобун өз кызыкчылыгына пайдаланып келгенин байкоочулар белгилөөдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ