Эң көп өлүм жазасына тартылган өлкө болуп Иран аталды

0
127
views

Бириккен Улуттар Уюумунун баш катчысы Антониу Гутерреш өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөр тууралуу маалымат берди.

Дүйнөдө өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөрдүн бири Иран мамлекети болуп чыкты. Кийинки орунда Сауд Арабиясы жана Пакистан турат.

Аталган өлкөлөрдө дүйнөдөгү эң көп өлүм жазасы 87% аткарылат. Кытайда дагы өлүм жазасы көп колдонулат. Бирок, алардын маалыматтары өтө жашыруун болгондуктан так маалыматтар берилбейт.

Дүйнөдө 170 өлкө өлүм жазасын колдонуудан баш тартышкан. АКШнын 50гө жакын штаттарынын 31де өлүм жазасы аткарылат.

Маалыматтарга караганда, АКШда 1976-жылдан бери ушул күнгө чейин 1,4 миң кылмышкер өлүм жазасына тартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ