Өкмөт башчы Ак-Суудагы балдар үйүнө 100 миң сомдук сертификатты тапшырды

0
18
views

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ысы-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу районунда жайгашкан балдар үйүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1996-жылы курулган 110 балага ылайыкталган балдар үйүндө бүгүнкү күндө 3 жаштан 18 жашка чейинки 71 бала тарбияланат. Балдар үчүн информатика, бий, ыр, көркөм  искусство, жана башка ийримдер уюштурулган.

Өкмөт башчы Сапар Исаков ал жерде болуп, балдар менен чогуу тамактанган. Мекеменин абалы менен жакындан таанышып, балдардын жасаган буюмдары менен да таанышкан.

Ошондой эле, Сапар Исаков баладар үйүндө түзүлгөн шарттарга баа берип, эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди. Балдардын жакшы билим алуусуна шарт түзүү максатында мекеменин директоруна компьютердик жабдуулар менен толук камсыздоого 100 миң сомдук сертификатты тапшырыды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ