Өлкө боюнча кредит алгандардын саны акыркы үч жылда кескин өскөн

0
280
views

Азыркы учурда банктардан кредит алган жарандардын саны Кыргызстан боюнча 600 миңге жетти. Ош облусу боюнча 65 миңден ашуун адам кредит алган. Алардын катарында банктарга алданып, үй-жайынан айрылып калган жарандар да жок эмес.

Ирсалат Узакова мындан беш жыл мурун  өз үйүн  күрөөгө коюп, тааныштарына 300 миң сом кредит алып берген.  Натыйжада ал адамдар алынган кредитти төлөөдөн баш тартышып, Ирсалат айым өзү төлөгөнгө туура келген. Алынган сумманын 175 миң сомун Ирсалат айым төлөгөн. 125 миң сомун кредитти алдырган таанышы толоп үйдү күрөөдөн чыгарып бермек. Бирок ал адамдар акчаны төкпөгөндүктөн үйдү  банк 480 миң сомго сатып жиберген. Өз үйүн кайтарып алуу үчүн банк 580 миң сом сурап жатат.

– “Менин өзүмдүн кредитим жок эле. Элге жардам берем деген максатта үйүмдү күрөөгө койдуруп кредит алып бергем. Анткени алар мени алдап кетерин билбегем. Себеби алар ишеничтүү, намаз окуган адамдай көрүнгөн. Кийин кредит алып бергенимден кийин, алардын максаты менин үйүмдү басып алуу экендигин түшүндүм. “Биринчи жылы сен төлө, экинчи жылы биз төлөйбүз” деп төлөбөй коюшту. Мен бир жылдык кредитти төлөп коюп жүрсөм алар экинчи жылы төлөбөй коюшкандыктан банк менин үйүмдү сатып жиберди. Учурда банк кызматкерлери келишип, мени коркутушууда.” – деп билдирет Кызыл-Кыя шаарынын тургуну  Ирсалат Узакова .

Улуттук банктын билдирүүсүндө азыр Кыргызстанда кредити бар 600 миң жаран каттоодо турат. Ал эми Ош облусунда кредит алган 65 миңден ашуун жаран бар. Алган кредиттерди туура жана пайдалуу жолго иштетүү керек деп белгилейт Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Исмаев:

Мыйзам түрүндө күрөөгө коюлган буюм алынат. Негизи кредит алып жатканда бир нерсесин күрөөгө коюшат. Себеби кредитин төлөй албай калган учурда банк аны алып коюуга укуктуу. Банк аны тартып алып, сатып, карызын өндүрөт. Ошондуктан негизгиси кредит алгандан кийин аны туура пайдалануу керек.  Эгер туура пайдаланса, анда алса болот.

Кепилдиги жок тааныштарынын кесепетинен 125 миң сом үчүн үйүн тарттырып жиберген Ирсалат айымдай жарандар коомчулукта бир топ кездешет. Мунун баардыгы финансылык сабаттуулуктун жоктугунан дейт экономикалык серепчи Медербек Борбодоев:

Финансылык сабаттуулуктун жоктугунан, анан өзүнө-өзү кайдыгерлик жасагандыктан үй мүлкүн алдырып коюшууда. Себеби, башында келишмди толук окубастан ага кол коюп коёбуз. Кийин болсо кредиттин канча пайызда алынгандыгы тууралуу маселе жаралат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына караганда, акыркы 2,5 жылда өлкөдө кредит алган жарандардын саны кескин өскөн. Мисалы: 2013-жылга караганда 2015-жылы кредит алгандардын саны дээрлик эки эсе өсүп, 364 миллион сомго жеткен. Ал эми ушул жылдын башынан тартып, жарым жыл ичинде насыя алган тургундардын саны 2016-жылдагы насыянын суммасына жеткен.


Республика боюнча коммерциялык банктардын берилген кредитинин аймактар боюнча көрсөткүчүнө караганда, Бишкек шаары алдыда. Анткени, борбор калаанын тургундары дээрлик 1 миллиард 172 миллион сомдон ашуун кредит алышкан. Ал эми орточо салмактанып алынган пайздык чендер дээрлик 22 пайызды түзөт.


Карапайым элдин финансылык сабаттуулугун арттырууу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана бир нече коммерциялык банктардын ортосунда,  9-октябрдан 31-октябрга чейин “Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө карата” түшүндүрүү акцияларын өткөрө башташты. Анда карапайым калк банк кызматкерлери тарабынан каржы маселесиндеги түшүнбөгөн суроолорго жооп ала алышат.  Анда ар түрдүү лекциялар окулуп, каржы сабаттуулугу боюнча ачык эшиктер уюштурулат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ