Жума күндөрү мечиттин жанында боорукер адамдардан жардам сураган Саламат (Күдөр №5)

0
522
views

“Тилемчилик кылгандан уялам бирок, иштегенге ден соолугуң болбосо айлаң жок тура, жашаш , бала багыш керек ” – дейт Саламат апа.

Ар бир эле ата-эне балам чоңойсо мени багат, менин караңгыда – чырагым, баса албай калган учурда  колго таягым болот деп бакса керек. А бирок, ошол бапестеп баккан балаң, бой жеткенде кайра келгис сапарга узап кетсе эне үчүн  андан өткөн чоң азап жок….

Саламат Исраилова 53 жашта,  турмушунун жакшы эместигинен улам  жалгыз бой эне,  жума күндөрү  шаарыбыздагы мечиттердин биринде  боорукер адамдардан жардам күтүп келет. “Тилемчилик кылгандан уялам бирок, иштегенге ден соолугуң болбосо айлаң жок тура, жашаш , бала багыш керек ” – деген апа , “Күдөр” көрсөтүүсүнүн бул жолку каарманыбыз болмокчу.

Жолдошу менен жашы эле жашап жүрүп 1 уул жана 1 кыздын энеси болот. 2007-жылы жолдошу  узакка созулган оорудан улам каза болуп калган. Ошол  күндөн тарта  каарманыбыздын катаал жашоо менен күрөшү башталган.

Апасынын чоң үмүтүн артынган баласы Бакыт  бутка туруп, үй-бүлөсүнө жакшы шарт түзүп берүүгө болгон күчү менен аракет кылып жүргөн бирок, ийгилик жарата алган эмес. Үй- бүлөө куруп жубайы менен эл катары чет жакка иштегени барып, байлык эмес тескеричинче  өзүнө дарт ашырып келген.

Баласы ооруп жаткан учурда көзү чачырап кимден жардам сурарын билбеген эне, баласынын айыгып кетүүсүнөн үмүтүн үзбөгөндүгүн айтат. Каарманыбыздын абалын уккан замандаштардан даары-дамек алуу үчүн акчалай жардам келген.

Баласы Бакыттын оорусу күч алган маалда , бул үй-бүлөө жатаканада жашачу.  Бир бөлмөлүү тар үйдө  баласынын жан бергенин Саламат энин дале кеитип келет

Каарманыбыздын чоң арманы баласынын кыска өмүр сүрүп, болгондо да ооруп, азап тартып өткөнү. Баламсыз жашоомдун кандай уланарын билбейм дейт- өксөгөн эне.

Учурда Саламат апанын жанында болуп,  ага каралашып багып жаткан жалгыз кызы Бактыгүл.  Агасы көз жумганда каттуу коркуп калып, эки көкүрөгүнө без чочуп калган.  Ылап-сыктап олтуруп операция жатып, кудайга шугур азыр иштеп жүрөт дейт.

Акчабыз тамак-аш, ижара акысын төлөөдөн ашпагандыгы үчүн, жаңы кийим кийүү оюубузгада келе элек. Жардам иретинде берилген кийим-кечени кийүү менен күн өткөрүшөт.

Каарманыбыздын эрмеги болгон Амина , бул бүлөнүн бирден бир – кубанычы.  Төрөлгөндөн тарта ата мээримин көрө элек.

Баарына жетишип, иштеп, жок дегенде бир бөлмөлүү батир алып алсам  арманым жок эле деген каарманыбыздын да ден соолугу жакшы эмес. Ошодон улам ийтөөгө дарамети жетпейт.

Эгер каарманыбызга жардам колун сунгуңуз келсе экран алдында көрүп турган номурларга байланышсаңыз болот.

Жардам берүүнү кааласаңызыз, тел: 0779 57 61 02  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ