Атамбаев: “Кийинки шайлоо мындан дагы таза болот”

0
1317
views

Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ, 16-октябрда президенттик шайлоолорго байкоочу болуп келген эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары менен жолугушууда билдирди.

Алмазбек Атамбаев   таза шайлоо – өмүрүнүн максаттарынын бири экендигин баса белгиледи. “Эми мен Кыргызстан үчүн санаам тынч.  Мындан кийинкиси мындан дагы  таза болот. Биз экономикалык кыйнчылыктардан эми гана чыгып жатабыз, мындан 3-4 жыл мурда жолдор, свет жок эле. Бирок биз эч нерсеге карабастан таза шайлоо өткөрүүгө акча аябайбыз, -деп, жардам көрсөткөн  эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. – Көпчүлүк  Атамбаев таза шайлоо өткөрүүгө эмне үчүн мынчалык басым жасайт деп таң калышкан. Анткени бул тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги”, -деп баса белгиледи  Алмазбек Атамбаев.

Президенттин басма сөз кызматынан тараткан маалыматка караганда, жолугушууга демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ЕККУ бюросунун, БДИПЧ/ЕККУнун,  ШКУнун, Европалык парламент, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын,  Ислам Кызматташуу Уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссияларынын өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы эл аралык байкоочуларга  президенттик шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Президенттикке 11 талапкер ат салышкан.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ