Ангина күз-кыш мезгилдеринде көп катталган жугуштуу оорулардын бири

0
131
views

 Оору капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышып, жутунганда тоскоолдук жаратып, оорутат. Бейтаптын биринчи күнү эти ысып дене табы 38-39 градуска, кээде 40ка чейин жетет. Бул учурда организмде шалдыроо, чыйрыгуу,алсыроо башталат. Алгачкы 2-3-күнү тамактын ооруганы күчөйт да, ал кээде 7-8 күнгө созулат. Ангинада бездер сезгенип, кызарып аны майда ириңдүү кебер каптайт жана бут ириңдеп кетет. 

Оору жугуштуу болгондуктан тамактын эки капталынан бири-бирине жана идиш-аяк аркылуу гигиеналык эрежелер сакталбаса башкаларга дагы жугат. Ангинаны ооз көңдөйүндө жана кулкунда дайыма жашоочу микробдор пайда кылат. Ал микробдор киши үшүп калганда, өтө чарчаганда, ар кандай оору менен ооруганда, көбүнчө сасык тумоодон кийин организмдин коргонуу күчү начарлаганда ангинаны козгойт.

 Кээ бир адамдар балмуздак жеп, буту суу болуп же муздак сууга түшүп койсо ангина менен ооруп калышат. Гайморит, тиштин чириши, өнөкөт мурун бүтүү жана дем алууну бузуучу оорулар ангина менен бат-бат ооруга жол ачат.

 Аталаган оорунун белгилери байкалаары менен сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылып, тиешелүү дарыларды ичүү керек. Ангинаны убагында дарылабаса ревматизм, жүрөк ооруларына жеткирет. Аталган илдет өнөкөт түрүнө айланса, ал муздак суу ичкен сайын кармай берет.

Эгерде ооруга чалдыгып калсаныз үй шартында 5-6 ирет марганец кычкылын мала кызыл кылып тамакты чайкап туруу зарыл. Айрым иммунитети төмөндөргө, алсыздарга ромашка менен шалфейди кайнатып, тундурмасын колдонуусу керек. Ооруп жаткан адам дарылануу убагында төшөктөн турбашы, бутун жылуу кармашы талап кылынат. Мындан тышкары витаминге бай, жылуу шорпо, эзилген картошка, суюк ботко ичүү керек. Суюктукту көп ичүү керек, бирок муздак сууну эмес. Дарылануу учурунда ачуу жана муздак тамактарды жегенге болбойт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ