Таласта уулануунун себептерин тактоо иштери жүрүүдө

0
99
views

Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ж.А. Аскарбековдун берген маалыматы боюнча 17-октябрь күнү Талас шаарындагы Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган.

Ууланган 11 окуучу Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган, анын ичинен 6 окуучу медициналык жардам алган соң, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 4 окуучу 18-октябрь күнү үйлөрүнө чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы, Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда.

Азыркы учурда окуучулардын уулангандыгынын себебин тактоо үчүн Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ