У.ПРИМОВ: “ЖӨЛӨК ПУЛДУ ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

0
217
views

Калкты мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздоо  максаттуу багытта жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жалпы пленардык жыйында билдирди. Ал эмгек жана социалдык онугуу министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, социалдык жөлөк пулдар жарандардын жашаган аймагына жараша чегерилиши керек экендигин белгиледи. Депутаттын айтымында  түздүктө жашаган эл менен тоолуу аймакта күн өткөргөн жарандардын жөлөк пулдары айрымаланып турушу керек.

“Алыскы аймактарда жашап жаткан жарандарыбыз, учурдагы жөлөк пулдун аз экендигине наразы болушууда. Алар тоолуу аймак статусун алган жерлерде жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуунун суранып жатышат”, – деди Примов.

Буга удаа эле эл өкүлү, тоолуу райондордо үй курууга  жер тилкелери жетишсиз экендигин айтып, иштетилбей жаткан жерлерди трасформациялоо жолу менен жашоочуларга беруу зарылчылдыгы бар экенин баса белгиледи.  Сөзүнүн аягында депутат мектептерди интернет менен камсыздоо үчүн учурда билим берүү тармагына жакшы эле каражат бөлүнүп жаткандыгын, бирок көпчүлүк  билим берүү уяларында интернет турсун компьютерлердин  эскилиги жеткенин айтып, бул жаатты эстен чыгарбоону тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ