Кыргызстанда туризм тармагы өсүүдө

0
40
views

Өлкөдө бул жылы жайкы туристтик сезон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

2016-жылга салыштырмалуу быйыл өлкөгө келген саякатчылардын саны 349 миң адамга жетти. Өткөн жылы 1,6 миллион турист өлкөгө келген болсо, 2017-жылы алардын саны 1,9 миллион кишиге жеткен. Келген туристтердин көбү чет элдиктер.

Ал эми, инвестициялардын туризм секторуна келген көрсөткүчү боюнча 4 миллиард сомго көбөйгөн. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн туризм тармагы өсүп жатканынан маалымат берет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ