АКЖОЛ МАХМУДОВДОН КЕЗЕКТЕГИ АЛТЫН МЕДАЛЬ

0
31
views

Түркияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы эл аралык турнирде мекендешибиз Акжол Махмудов спорттун күрөш түрү боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.

Турнир 20-21 октябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышкан. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, турнирдин финалдык бөлүгүндө жергиликтүү спортчуну жеңип алган.

Махмудовдон тышкары, Халмурат Ибрагимов, Абдыкерим уулу Куттубек,Таалай Орузбаев күмүш алса  Кунай Нурдавлетов коло медалга ээ болду. Махмудов быйылкы жылдын эсебинен үчүнчү ирет жеңишке жетип жатат. Буга чейин Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын жана Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ