Шайлоо 2017: 8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылды

0
3591
views

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай,  өлкөдөгү 8 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Белгилүү болгондой 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.  Анын жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкектеги айрым аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калганына байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ