Баткенде шахтада көмүр казып жатышкан үч адам газга ууланып каза болушту

0
112
views

Кечээ, 26-октябрь күнү Баткен районунун Самаркандек айылынын Гарым тилкесиндеги шахтада үч адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага караганда, шахтада көмүр казып жатышкан үч адам өз алдынча иштеп жатышкан жана коопсуздук чараларын сактаган эме. Жыйынтыгында үчөө тең газга ууланып каза болгон.

Учурда каза болгон үч адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ