БШК Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганын ырастады

0
156
views

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 23-октябрь күнү жалпы аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду алды. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушун алып өлкө президенти болуп шайланды.

БШКнын расмий маалыматында, өлкө президенттигине талапкерлер төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту.

Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков – 920 620 добуш же 54,22%, Өмүрбек Бабанов -568 665 добуш же 33,49%, Адахан Мадумаров – 110 284 добуш же 6,57%, Темир Сариев – 43 311 добушка ээ болушту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ