БШК: “Шайлоо системасы хакердик чабуулдарга туруштук бере алды”

0
582
views

Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекован журналисттерге билдирди. Анын айтымына карганда, президенттик шайлоо алдындагы эки жумада серверге 39 миң 800 чабуул жасалып, бирок натыйжасыз болгон.

Шайлдабекова БШК системасы ишенимдүү иштерин бекемдеп, 15-октябрь күнү саат 21:05те бир убакта 26 өлкөдөн 18 миң 380 чабуул жасалганын, шайлоо системасы ага да туруштук бергенин билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өттү. Ага 11 талапкер катышып, шайлоочулардын 54% ашуун добушу менен башкаруучу Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан.

БШК 30-октябрь күнү шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялап, Жээнбековду президенттик шайлоодо утуп чыкты деп маалымдады.

Булак: https://www.azattyk.org/a/28825391.html

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ