Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы качан өтөөрү белгилүү болду

0
688
views

Президенттик аппараттан кабарлашкандай жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтө турган болду.

Ант берүү аземи борбор калаа Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт жана ага парламенттин депутаттары, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, чет өлкөлөрдүн элчилери катышмакчы.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 54,22% менен 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо  шайлоодо жеңишке жетишкен.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ