Салянованын инисин өз үйүнөн атып кетишти

0
360
views

Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду белгисиз адамдар түн ичинде үйүнөн атып кетишти.
Алынган маалыматтарга ылайык, дүйшөмбүгө караган түнү мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Салянов өз үйүнөн түнү белгисиз адамдар атып кетишти.
Аида Салянованын экс-адвокаты Улан Жумаковдун айтуусунда, Улан Салянов ушул күнгө чейин унааларды оңдоо иштери менен алектенип келген. Ал динге берилген киши болуп, анын артында эки кичинекей баласы калды. Жаңыдан баштаган үйүнүн курулушу да соңуна чыкпай калган. Ошондой эле, ал саясаттан да алыс болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ