Декабрь айында аба ырайы кандай болот?

0
810
views

2017- жылдын декабрь айында
Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1° жогору болуп, 0…2° суук болот. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 3…5°суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5°сууктан 8…13°суукка, күндүз 2° суук…3° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 15° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын жаашы күтүлөт (32-34 мм, тоо этектеринде 17-27 мм). *

ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 2…4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7°сууктан 10…15°суукка, күндүз 0…5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-23 мм).

ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектеринде 0…2° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° сууктан 0…5° жылуулукка, күндүз 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын (26-52 мм, тоо этектеринде 47-86 мм) болушу күтүлөт.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 0…2° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 3…5º суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн 4…9° суук, күндүз 2°сууктан…3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 19-26 мм).

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын, кээ бир райондордо 1° төмөн болуп, 11…13° суук, Кочкор районунда 7…9° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8°сууктан 9…14°суукка, күндүз 0…5°сууктан 7…12°суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 20…25°, күндүз 11…16° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (3-15 мм).

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° төмөн болуп болуп, 13…15° суук болушу күтүлөт. Айдын биринчи он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 10…15° суук, күндүз 5…10° суук болушу күтүлөт. Экинчи жана үчүнчү он күндүктөрдө түнкүсүн 25…30°, күндүз 7…12° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (25-27 мм).

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° төмөн болуп, 17…19° суук болушу күтүлөт. Айдын биринчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 12…17°сууктан 22…27°суукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз 3…8° суук болушу күтүлөт. Экинчи он күндүктө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн 25…30°, күндүз 9…14° суук болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-24 мм).

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ