Жөлөкпулдарды алуу боюнча мыйзам күчүнө кирет. Кимге канча сомдон берилет? (Инфографика)

0
4176
views

Жөлөкпулдарды алуу боюнча жаңы мыйзам долбоору 2018-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө бөлүмүнүн башчысы Шералы Жолонов билдирди.

Жолоновдун маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасында жөлөкпулдарды алуу боюнча 2017-жылдын июнь айында жаңы мыйзам долбоору кабыл алып, анын негизинде өкмөт токтом кабыл алат.

“Кыргыз Республикасында жөлөкпулдар жана жардам катары берилүүчү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпулга жеткен болсо, эми ар бир жаңы төрөлгөн бала сүйүнчү катары 4 миң сом, 3 жашка чейин эне-балага жөлөкпулу 700 сом берилет. Мындан сырткары, 3 же андан көп балалууларга 3 жаштан 16 жашка чейин 500 сомдон акча берилет. Мисалы, 4 баласы болсо, ар бирине 500 сомдон жалпы 2 миң сом алат.”

Маалымат катары айта кетсек, ушул күнгө чейин Ош шаарында мурдакы мыйзамдагы чектөөлөргө байланыштуу, мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду 260ка жакын үй-бүлө алып келген. Ага себеп, шаарда көпчүлүк аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилип, ал эми, белгилүү бир жерде иштеп, айлык маяналары жетиштүү деңгээлде болгондорго,  мамлекет тарабынан эч кандай жардам катары акча берилген эмес.

2018-жылдын январь айынан тарта жаңы мыйзам долбоорунун негизинде өкмөт тарабынан токтом кабыл алынган. Андан кийин, жөлөкпулдарды алууга тиешелүү документтер талап кылынат жана ар бир үй-бүлө баланын санына жана мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык акча алышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ