Жалал-Абадда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өттү

0
237
views

1-декбрь – Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата, Жалал-Абад облустук ОИИБ, “Тайс-Плюс Два” коомдук бирикмеси жана Жалал-Абад облустук СПИД борбору менен биргеликте ВИЧ СПИДдин алдын алуу боюнча “Менин укугум менен ден соолугум” деп аталган иш-чаранын негизинде спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өтөрүлдү. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кадырова “Ош Пирим” телеканалына кабарлады
Иш-чаранын максаты ар бир атуул сергек жашоого умтулуу жана ар кандай оруу илдеттеринен арылуу болуп саналат.
Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлеринен 5 команда түзүлүп, кызуу оюн көрсөтүшүп, жеңишке жеткен кызматкерлер облустук ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү борбору тарабынан демөөрчүлүк көрсөткөн баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ