ВИЧ менен төрөлгөн балдарды 48 саат ичинде аныктоого болот

0
87
views

ВИЧ менен төрөлгөн балдардан 48 саат ичинде илдетти аныктоого болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарында өткөн маалымат жыйында дарыгерлер билдиришти. Адистердин айтымында канды кургатуу аркылуу ооруну эртерээк аныктоого мүмкүн. ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдарды 3 этап менен текшерүүгө болот.Төрөлгөнүнө 48 саат болгондо, 3 айлык жана 18 айлыгында 3 жолу кан алынып текшерүүгө мүмкүн. 48 саатында ВИЧ илдети табылган болсо, ал бала ошол мезгилден баштап эле дарылана баштайт.

Бул профилактика ВИЧ менен төрөлгөн балдардын 75%ын өмүрүн узартууга мүмкүнчүлүк берет. Быйылкы жылы бул ыкма менен Кыргыстандын аймагында 3,5% балдар сакталып профилактика ишке ашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ