Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузгандардын саны артууда

0
213
views

ВИЧ-СПИД алгачкы жолу Кыргызстанда 1987-жылы Токмокто окуган чет элдик студенттен табылган. Андан кийин 1996-жылы Кыргызстандын жаранынын өзүнөн биринчи жолу табылган.

Республикалык “СПИД” борборунун берген маалыматы боюнча, 2017-жылы республикада АИВ менен жашаган 7803 адам катталган, алардын ичинен 3406 адам баңгини ийне аркылуу колдонуучулар. Ошол эле учурда 879 адам ЖИКСтен көз жумушкан. Бүгүнкү күндө АИВ-инфекциясынын жугуусунун кеңири таркаган жолдорунун бири баңгини ийне аркылуу колдонуу болуп саналат.

Өлкөдө ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн 55 пайызы инфекцияны жыныстык катнаш аркылуу 30 пайызы ийне аркылуу жугузган. Бирок бул көрсөткүч наркотик колдонгондордун арасында ВИЧ илдетин жугузгандар азайды дегендик эмес. Дээрлик 5,6 жылдан бери манзат колдонуучулардын  арасында ВИЧ жугузгандар туруктуу санды көрсөтуп келишет. Бейтаптарды, ашыкча чыгымдан,кылмыш аракеттерден коргоо жана эн негизгиси  омурун узартуу максатында акыркы жылдары героиндин ордуна синтетикалык заттардан даярдалган метадон даарысы активтуу колдонула баштады. Каттоодо турган 100дон ашуун адамга акысыз түрдө аталган даары берилет.

Адистердин айтымында СПИДдин жайылуусуна бөгөт кою учунучурда баардык мамлекеттик медициналык иш каналар бир жолу колдонулуучу шприц, колкаптарга өтүштү. Акыркы алы айдан бери илдет жуккандан 14 күн өткөндөн кийин аныктоочу жаны методика иштеп жатат. Бирок бул деле койгойду чечип койгон жок. Анткени  жеке менчик стамотологиялык борборлор, сулуулук салондору инфекция жугуучу булакка айланып баратат. Санэпид көзомөл кызматтары арыз түшкөндө гана текшергендиктен толук көзөмөл жүргүзө албайт деп билдирди Ош облусттук СПИДке каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Эльмира Балтабаева

ВИЧ-СПИД кан, жыныстык катнаш же энеден балага сүт аркылуу жугат деп үч фактор аныкталганы менен,адистер коомчулукту  ар кандай шартта сак болууга чакырышат. Анткени жөнөкөй тиштин мүлкү канап, ал тиш шеткага жугуп калса, үй бүлөнүн башка мүчөлөрүнө жугуу ыктымалдыгы жогорулайт. Андыктан кандай учур болбосун өздүк гигиенаны сактоо талап кылынат

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ