Сапар Исаков Сочи шаарындагы ШКУ ӨБК кезектеги жыйынына катышты

0
128
views

Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрь – 1-декабрда, Орусия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

ШКУ ӨБК 16-жыйынына катышуу алкагында Өкмөт башчы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян, Афганистандын Аткаруучу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Пакистандын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө Уюм алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

ШКУ ӨБК жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ