Султанбекова: «Туристтерди тартуу максатында ар бир аймак өзүнүн брендин иштеп чыгуусу керек»

0
58
views

«Туристерди тартуу максатында ар бир аймак өзүнүн брендин иштеп чыгуусу керек жана алар ошол бренд менен таанымал болушу керек», – деп билдирди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 20-декабрда, туризм маселелерин макулдашуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү туристтик жагымдуулукту жана туристтик инфраструктураны жогорулатуу ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгилеп кетти.

«Аймактар Туризм департаментинин же Өкмөттүн тапшырмасын күтпөй, аймактардын жоопкерчилигин күчөтүү керек. Жер-жерлерде туризмди өнүктүрүүдө салык төлөмдөрү көбөйтүлүп, жаңы иш орундары пайда болот. Ошондуктан жер-жерлердеги жетекчилер бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланышына так көзөмөл жүргүзүүсү керек», – деди Чолпон Султанбекова.

 

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өкмөттүк «Жаны доорго кырк кадам» Программасын ишке ашыруу максатында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча маркетингдик Стратегиясын изилдеп чыгып, анын негизинде жеке долбоорлорду иштеп чыгарууну тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ