ОШТО ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

0
149
views

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош шаарынын орус тилдүү мектеп-гимназиялынын окуучулары арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдешти. Ага мектептен тандалып алынган бирден команда күч сынашты. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлады.

Анда №6 мектеп-гимназиясынан куралган окуучулардын командасы биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунду №7 мектеп ээлесе, үчүнчү орунду №5 мектептен окуучулары багындырды.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын максаты – жалпы билим берүү мектептерде массалык спортту өнүктүрүү, окуучуларды дени-сак жашоо мүнөзүнө тартуу. Мектептер арасындагы окуучулардын достугун ынтымактыгын чыңдоо.

Аталган иш чара Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, анда жеңип чыккан жанажалпы эле катышкан командалар кубок, грамота жана балуу белектер менен сыйланышты.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ