Бишкекте Өзбекстандын автоуналарынын көргөзмөсү өтүүдө

0
107
views

Өзбекстандын автоөнөржай тармагы бүгүн Бишкекте өз продукциялары менен тааныштырат. Иш-чараны Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштурууда.

Аталган мекеменин маалыматына караганда, негизинен Өзбекстандан чыккан RAVON автоунаалары менен ISUZU автобустары көргөзмөгө коюлат. Аларды Кыргызстанда да өндүрүү максат кылынууда.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө өзбекстандык заводдордун жетекчилери журналисттерге маалымат жыйын курушат. Буга чейин кол коюлган келишимдерге ылайык, машина куруу тармагында кызматташтыктын болочогу, жолдору тууралуу айтып беришет. Жыйынтыгында шоу-программа жана баалуу сыйлыктар ойнотулат. Баш байгеге өзбек өндүрүшүнөн чыккан автоунаа коюлат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ