Бишкек-Ош автоунаа жолуна чектөө киргизилди

0
105
views

25-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125, 127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган. Жол тыгыны пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралгандыктан саат 20:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун аймактарында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштерин жүргүзүүдө.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ