Жогорку сот “Сентябрь” каналын жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды

0
65
views

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Кайыргүл Урумканова массалык маалымат каражаттарына билдиди.

Буга чейин “Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Анда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун каналдын ишин токтотуу боюнча чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табуунү өтүнгөн.

Ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева карап, телеканалдын жана анын сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча 22-августта чечим чыгарган. Каналдын жетекчилиги жана кызматкерлери муну сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалашат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ